Жалал-Абадга мобилдик лаборатория коюлуп, иштей баштайт

19 март 2020 09:41 564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев учурда Кыргызстандагы лабораториялык күнү-түнү иштеп жатканын маалымат жыйында билдирди.

“Лаборториялардын бардыгы 24 саат иштеп жатат. Тесттер менен реагенттер жетиштүү. Эки мобилдүү лаобортаория бар болчу. Учурда аларды даярдап жатабыз. Эртеңден баштап Жалал-Абадга коюлат. Ал жактан элден анализдерди алып баштайт”, — деди ал.

Министр андан сырткары бир суткады Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы учурлар аныкталбагынан кошумчалады.

Андан сырткары умрадан келген бардык кишилер аныкталып, алар кимдер менен жолугуп, алакада болгону аныкталганын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadga-mobildik-laboratoriya-koyulup-ishtej-bashtajt



Добавить комментарий