"РСК Банк" ишкерлерге 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет

15 июнь 2022 14:57 1890 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«РСК Банк» ААК COVID-19 илдетинин кесепеттеринен жапа чеккен ишкерлерди колдоонун алкагында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет.

Долбоор эки категорияда чакан жана орто бизнеске насыя берет:

• чакан ишкерлерге - 250 000 сомго чейин;
• ошондой эле 2018-жылдын 7-апрелинен тартып 8 айдан кем эмес жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер;

• чакан жана орто бизнес - 1 000 000 сомго чейин;
• 2018-жылдын 7-январынан тартып 8 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер;
• 2018-жылдын 1-июлунан тартып 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар.

Насыянын максималдуу мөөнөтү 18 айга чейин.


Каржылоо максаттары - операциялык чыгашалар:

эмгек акы боюнча чыгашалар;
• эсеп-дүмүрчөктөр;
•ижара чыгымдары;
•коммуналдык чыгымдар (анын ичинде интернет);

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58-01-20 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот. Же банктын www.rsk.kg сайтынан караңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-ishkerlerge-1-million-somgo-chejin-pajyzsyz-nasyya-beret



Добавить комментарий