Кытайдагы дүйнөдөгү эң ири iPhone заводунун кызматкерлери массалык түрдө жумуш таштап кетишти

1 ноябрь 2022 17:23 1176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдагы дүйнөдөгү эң ири iPhone заводунун кызматкерлери COVID-19 эпидемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдөн кийин массалык түрдө жумуш таштап кетишти. Бул тууралуу DW сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

 Foxconn компаниясынын жетекчилиги коронавирустун чыгышынан улам Чжэнчжоудагы заводуна санитардык чектөөлөрдү киргизди - кызматкерлерге ишкананын ичинен тамактанууга тыюу салынды, кампустун айланасында кыймылга чектөө коюлду жана N95 классындагы коргоочу беткаптарды кийүү талап кылынган.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чаралар жумушчулардын кооптуу эмгек шарттарына нааразычылыгын жаратып, айрымдары жумуш таштап, заводдон чыгып кетишкен.

Ал эми, компания кырдаалды көзөмөлдөп турат жана коронавирус чектөөлөрүнүн жоготууларынын ордун толтуруу үчүн компаниянын башка заводдорунда өндүрүштү көбөйтүүнү ниеттенүүдө.

Көптөгөн кызматкерлердин жумуш таштаганынан улам, Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Foxconn iPhone 14 чыккан сентябрь айына салыштырмалуу негизги жумушчулардын сааттык маянасын 36 пайызга жогорулатууга аргасыз болгон.

Буюртманы үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн, Тайвандык фирма дагы башка участоктордо, мисалы, Шэньчжэнде өндүрүштү көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Foxconn эң ири iPhone өндүрүүчүсү болуп саналат, ал дүйнө жүзү боюнча Apple компаниясынын смартфондорунун 70 пайызын түзөт. Белгиленгендей, Чжэнчжоудагы ар кандай үзгүлтүккө учуратуу Apple өнүмдөрүн жеткирүү чынжырын үзгүлтүккө учуратат.

Буга чейин америкалык Apple компаниясы өткөн жылы чыккан iPhone 13 Pro жана iPhone 13 Pro Max сыяктуу смартфондордун бир нече популярдуу моделдерин сатууну токтоткон. iPhone 11 жана iPhone 12 mini дагы сатылбайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-djndg-e-iri-iphone-zavodunun-kyzmatkerleri-massalyk-trd-zhumush-tashtap-ketishti



Добавить комментарий