Жакындарыңыз менен мамиле түзүүдө кетирген 3 ката

14 ноябрь 2022 13:20 4106 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдар сиз менен сүйлөшпөй алыстап кеткен учурлар болду беле? Эгер болсо, сиз төмөндө мамилелерде жасай турган үч катанын бирин кетирип алган жоксузбу? Бул каталар тууралуу бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен сунуштайт

1.Жакшылыкты милдеттүүдөй кабыл алуу

Көп учурда адамдар жакындары аларга жасап жактан мамилени баалабай коюшат.Көмөктү. белектерди, тейлөө көрсөтүүлөрдү башкалар ага милдеттүүдөн бетер кабыл алышат.Анткени адамдын мээси акырындап буга көнүп, бул логикага туура келет, дайыма ушундай болуп келген жана боло бермекчи дегендей кабыл ала баштайт.

Мисалы, кесиптешиңиз дайыма кофе алып берип сыйласа, коңшуңуз унааңызды бекер эле көмөктөшүп оңдоп берсе сиздин мээңиз ушуга көнүп алар милдеттүүдөн бетер кабыл ала баштайт.Кээде убагында туулган күнү менен куттуктабай калуу, моралдык, материалдык колдоого убагында ыраазычылык бербей коюу жакындардан, достордон кол үзүүгө алып келет.   

2. Кечирим сураганды билбөө

Жеке керт башын өйдө койгон адамдар бар, алар  адамдын бутун тебелеп алса дагы кечирим сураганды оор көрүшөт.Бир нерсе болсо “сен эмне өзүң кыйшык туруп алдың” деп күнөөлөгөнгө өтүшөт.

Мындай адамдардан акырындап жакындары да, достору дагы алыстап кетет.

3. Бирөөнү басынтуу

Башкалардын жетишкендиктерин азайтып көргөзө берүү эң жаман сапат. “Ой канча акча таап коюпсуң”, “кийим тиккенге көп акылдын деле кереги жок”, “орун басар-бул директор эмес” дегендей сөздөрдү сүйлөй берген адамдар бар. Көп ата-энелер дагы баласынын жетишкендиктерин убагында мактабай коюшат.

Айрым адамдар эмоциясын бөлүшкөндөн тартынат, алар суктануу, колдоо сезимдерин бере алышпайт.

Мындан улам мамилелерде түшүнбөстүктөр жаралат. Ошондуктан мамилелерде пикир келишпөөчүлүктөр жаралып жатса башкаларды күнөөлөй бербей, мен тараптан эмне кетип жатат деп дайыма ойлоно жүрүү зарыл.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhakyndaryyz-menen-mamile-tzd-ketirgen-3-kata



Добавить комментарий