Айланадагы адамдарга жана досторуңузга айтпай турган 6 нерсе

4 октября 2021 18:13 2759 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир адамдын жашыруун сыры бар. Ал жеке маалыматпы же башка бирөө аманат табыштаган, “айтпа” деп сураган нерсеби баары бир ар бир адамын сыры бар.Психологдор чыны менен кээ бир нерселер тууралуу айланадагы адамдарга, ал тургай досторуңузга бөлүшпөй эле койгон дурус деп эскертишет. Анкени андан улам адамдын жашоосунда ар кандай кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Бүгүн barometr.kg бөлүшпөй эле коюу оң болот деп эсептеген алты сөздү сунуштайт.

Жашооңуздагы жеке пландар 

Дымактуу пландарыңыз бар экенин ал ишке ашмайын айтпай эле койгонуңуз жөн. Мындай пландардын алсыз жактары жана ойлонулбаган деталдары болот.Башкалар аны байкап сизди сынга алып же ар түрдүү начар пикирлерин айтып коюшу мүмкүн. Бул учурда планыңыз толук бойдон ишке ашпай калат.

Кайрымдуулук менен жасаган жакшылыктарды 

Атайлап эле кылган жакшылыктарыңыз менен кайрымдуулук иштерин айткан туура эмес. Антпегенде  элден мактоо күткөндөй болуп каласыз. Чыныгы жакшылык чын жүрөктөн жасалышы керек жана ага эч кимдин мактоосунун кереги жок.

Жашоо образыңыз 

Жашооңуздагы болгон иштерди элдин баарына айтып, айрыкча тамак-аш жеп жаткан сүрөттөрүнөн бери социалдык тармактарга бөлүшө берген адамдар бар. Машыгып жатасызбы, диета кармайсызбы, эртең менен чуркайсызбы ал сиздин гана жеке ишиңиз болгону дурус.

Жашоо тууралуу пикирилериңиз

Дин, аалам, жашоо, өлүм жана өмүр тууралуу жакындарыңыз сурабаса айтпай деле койгонуңуз жөн. Анткени бул сиздин жеке оюңуз жана интерпретацияңыз.Ар бир адамдын өзүнүн чындыгы жана көз карашы бар.Сиздин дин тууралуу пикириңизди же дагы башка философияңызды башкалар кабыл албашы толук мүмкүн. Анан калса ар бири эле бул темаларды сүйлөшө бергиси келбейт.

Жеке үй-бүлөлүк мамилеңиз 

Үй-бүлөдөгү жеке чатактарды кесиптештериңизге, досторуңузга айта берүүнүн кажети жок.Бакыт тынчтыкты сүйөт дегендей өз ишиңизди өзүңүз тынч гана чечкениңиз жөндүү.

Ушактар

Башкалар тууралуу жаман сөз же айың кеп таратуу дагы адам үчүн абийир алып  келбей турган нерселердин бири.

Ссылка: https://barometr.kg/ajlanadagy-adamdarga-zhana-dostoruuzga-ajtpaj-turgan-6-nerse



Добавить комментарий