Өзгөндө сел жүрүп, 8 жашар бала агып кетти
Өзгөндүн Ак-Жар айылынан сел жүрүп, 8 жашар бала сууга агып кетип, каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Кечээ,11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Мырза-Аки айылында Комунист айылында, Кирпичный тилкесинде жана Зергер айылында, Токтогул айылындагы турак үйлөрдүн короолоруна кирген.
Ошондой эле, Акжар айылында саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-ж.т. У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Аталган жаран туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-sel-zhrp-8-zhashar-bala-agyp-ketti
Добавить комментарий ×