Акыйкатчы Чуңкурчактагы адам өмүрүн алган окуядан кийин, мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү сунуштады

16 июль 2024 15:33 2767 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чуңкурчактагы адам өмүрүн алган окуядан кийин мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы Институтунун маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматта, Жамиля Жаманбаева министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги No171 токтому менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз иштетүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү өтүнүп, министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду.

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Институту тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдеп чыгып, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан аттракциондордун ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.  Айта кетсек,“банджи-джампингди” аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары тизмеге киргизүүнү сунуштады.

"Банджи-джампинг" механикалаштырылбаган аттракциондун катарын толуктаганына карабастан жогоруда айтылган токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн аттракциондордун түрлөрүнүн тизмесине киргизилген эмес. Атап айтканда, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Анын үстүнө, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында механикалаштырылбаган аттракциондун бул түрүн коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча эч кандай талаптар каралган эмес.

«Албетте, Кыргызстанда тоо туризминин ар кандай түрлөрүн жана экстремалдык көңүл ачууну ишкердиктин бир түрү катары өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Бул жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болушуна шарт түзөт. Бирок, адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо башкы фактор болушу керек. Мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек», - деди Жамиля Жаманбаева

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы министрлер кабинетине аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоонун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, анын ичинде аттракциондун механикалаштырылбаган түрү катары “банджи-джампингди” кошууну жана анын иштеши үчүн тийиштүү коопсуз шарттарды камсыз кылуу кректигин билдирген кат жолдогон. 

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-июлунда Аламүдүн районунун Татыр айылында 39 жаштагы жаран экстремалдык аттракциондон секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/akyjkatchy-chukurchaktagy-adam-mrn-algan-okuyadan-kijin-myjzamga-toluktoolordu-kirgizn-sunushtady



Добавить комментарий