Бишкек–Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр атайлап түшүрүлөт

8 февраль 2024 13:15 446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек–Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр атайлап түшүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кар көчкүлөрдү атайлап түшүрүү иштери 8-февралдан 12-февралга чейин жүргүзүлөт. 

“Аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын  8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

Алсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- километриндеги кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekosh-unaa-zholundagy-kar-kchklr-atajlap-tshrlt



Добавить комментарий