Өзгөндө сел жүрүп, 8 жашар бала агып кетти

12 мая 2021 11:15 2519 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндүн Ак-Жар айылынан сел жүрүп, 8 жашар бала сууга агып кетип, каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Кечээ,11-майда Ош облусунун  Өзгөн районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Мырза-Аки айылында Комунист айылында, Кирпичный тилкесинде жана Зергер айылында, Токтогул айылындагы турак үйлөрдүн короолоруна кирген.  

Ошондой эле, Акжар айылында  саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-ж.т. У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Аталган жаран туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-sel-zhrp-8-zhashar-bala-agyp-ketti



Добавить комментарий