Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы кыз эки күндөн бери изделүүдө

16 февраль 2024 15:34 1926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен делип 18 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 16-февралда Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө.

“Издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши куткаруу иштерине чыгышты”, -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Кошумча малымат берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalynan-18-zhashtagy-kyz-eki-kndn-beri-izdeld



Добавить комментарий