Өзгөчө белек! Табышмактуу демөөрчүлөр жана электрондук автобустар. Шаар күнүндө тургундарды кандай белектер күтөт?

23 апрель 2019 11:24 1560 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга Кытайдан 60 даана жаңы электрондук билеттер менен иштей турган автобустар келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова Barometr.kg сайтына бидирди.

Алмамбетованын айтымында, Бишкек шаардын туулган күнүнө атайын Кытайдан алып келинген автобустар Кыргызстанга келди. Алар 29-апрель күнү шаардык каттамга ишке киргизилет.

"Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жатабыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн", -деп билдирди Алмамбетова.

Бирок азырынча шаарга каттамга түшүрүлө турган автобустар электрондук билеттер менен эмес жөнөкөй автобустар катары ишке түшмөкчү. Ал эми электрондук билет системасы 1 жылдын ичинде ишке киргизилет.

Ага кошумча мэрия жаңы келген автобустардын сүрөттөрүн азырынча көпчүлүккө жарыялай элек. Себеби бул шаар тургундарына өзгөчө белек болмокчу.

Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев шаар күнүнө карата тургундарга белек катары ырчы Согдиана жана “Ялла” тобу келээрин билдирип аларды табышмактуу демөөрчүлөр каржылаарын маалым кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-belek-tabyshmaktuu-demrchlr-zhana-elektronduk-avtobustar-shaar-knnd-turgundardy-kandaj-belekter-ktt



Добавить комментарий