Бишкекте “Империя пицца” кафеси бузулууда

20 ноябрь 2023 17:09 1154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте “Империя пицца” кафесинин кошумча курулушу буздурулууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, «Ала-Арча» соода борборундагы «Империя пицца» кафесинин жайкы террасасы буздурулууда.

“Жер тилкеси муниципалдык аймак болуп саналат, 2023-жылдын 13-ноябрында административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Кошумча курулуштун жалпы аянты 58 чарчы метрди түзөт, ошондой эле 50 чарчы метр таштанды үчүн бастырма алынууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жеринде иш алып барышууда.

Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-imperiya-picca-kafesi-buzuluuda



Добавить комментарий