Бала бакча Бишкек мэриясынын балансына кайтарылды

29 май 2025 17:43 Barometr
Бөлүшүү:
ok

280 орундуу бала бакчанын имараты жанаша жайгашкан 0,99 га жер тилкеси менен бирге  Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды. Жалпы суммасы 279 319 000 сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Ошондой эле, жер мыйзамдарын бузуу менен муниципалдык менчикти пайдалануу фактылары боюнча КР Башкы прокуратурасына көмөк көрсөтүүнүн алкагында КР Улуттук Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 3 млн сом компенсацияланган.

Мындан тышкары бейтаптарды ташып келүү жана реанимация кызматын көрсөтүүчү 3 тез жардам унаасы муниципалитеттин карамагына бекер өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakcha-bishkek-meriyasynyn-balansyna-kajtaryldy



Добавить комментарий