Балбак Түлөбаев: "Согдиана менен "Ялла" тобун Бишкекке табышмактуу демөөрчүлөр алып келет"

15 апреля 2019 15:04 18289 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкекке 29-апрель күнү Өзбекстандын белгилүү ырчысы Согдиана менен “Ялла” тобу келет. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Barometr.kg сайтына берген маегинде билдирди.

-Балбак Зарлыкович, 20-апрелде уюштурулуп жаткан концерт кимдердин катышуусунда өтөт? Шаардыктарды кандай жаңылыктар күтөт?

-Концертке  “Ялла” тобун алып келели деп атайын пландадык, анткени 29-апрель күнү концерт “Фрунзе-Бишкек” тематикасын болуп өтөт. Бишкек шаарынын тургундары үчүн кызыктуу иш-чара болот деп ишенебиз. Ага кошумча ата мекендик белгилүү ырчылар да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

-Концертке келе турган “Ялла” тобу менен Согдиана ким тарабынан каржыланып жатат канча гонорар менен келет?

-Аларды чындыгында биз каржылап жаткан жокпуз. Бир эки ыктыярчылар демөөрчү болууга макулдуктарын беришип шаар тургундарына жакшы маанай тартуулоо аракетинде турушат. Алардын аттарын атай албайм.

-Концертти жана уюштурулуп жаткан оюн-зоокторду өткөрүү үчүн жалпы канча каражат сарпталат?

-Кунан чабыш, жорго чабыш, улак тартыш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндарды өткөрүүгө даярданып жатабыз. Биздин максат- улуттук оюндарды даңазалоо менен шаардыктарга жакшы маанай тартуулоо. Улуттук оюндарга жалпы байге 2,5 000 000 болот жана бул цумма шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат. Ал эми калган баардык чыгымдар демөөрчүлөрдүн эсебинен болот.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Балбек Түлөбаев демөөрчүлөрдүн атын атоодон баш тартты.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-sogdiana-menen-yalla-tobun-bishkeke-syrduu-demrchlr-alyp-kelet



Добавить комментарий