Бишкекке Япониянын колдоосу менен 124 жаңы автобустар алынып келинди

26 январь 2024 15:44 458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекке дагы 124 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды  расмий  тапшыруу аземи   өттү.

“Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ЕРӨБ директору Айтен Рустамова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза катышты.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында узундугу 10,5 метр болгон 124   кысылган жаратылыш газы менен иштеген  автобустар “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына тапшырылды. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.

"Бишкек автобустары" долбоору – бул жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик  имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP)  GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-yaponiyanyn-koldoosu-menen-124-zhay-avtobustar-alynyp-kelindi



Добавить комментарий