Өзүбүздүн баабызды кантип көтөрсөк болот?

4 апрель 2023 09:05 10275 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдын жашоосунда анын өзүнө карата болгон ишеними чоң роль ойнору талашсыз. Бүгүн barometr.kg сизге мотивация бере турган кызыктуу баянды бөлүшмөкчү.

Кайсы бир падышачылыкта хан так мурагери боло турган жалгыз уулуна таарынып, уруша кетип аны сарайдан кууп салган экен. Арадан 10 жыл өтүп падыша карыйт, кеңешчисин чакыртып:

“Мен карып бара жатам, жалгыз уулумду таап кел. Тактымды өткөрүп бере турган киши жок, мен абдан суранам, аны таап кайтарып кел”,- дейт.

Он жылда уулу эмне кылып жүрүптүр? Ал он жыл бою кайыр сурап жанын багып, өлбөстүн күнүн көрүп, мураскор ханзада экенин дагы таптакыр унутуп салыптыр. Ал ушундай эле жакыр жашоодо өмүр бою жашап келе жаткандай ойлонуп калган экен.

Эң эле таң калыштуусу ал жыл өткөн сайын такка отурууга мүмкүндүгү жогорулап жаткан, анткени жыл өткөн сайын атасы карып бара жаткан эле. Андан башка так мурагери боло турган баласы дагы хандын жок болчу.

Ошентип бир күнү эртең менен ханзада кайыр сурап отурган жерине укмуштуудай кооз араба келип, андан кеңешчи түшөт. Ал баланы сураштырып жүрүп араң таап келген экен. Кеңешчи ханзаданын ушундай абалда калганын дагы билген эмес.

Арабадан чыгып кеңешчи жигитке келип ал ханзада экенин, атасы ак сарайга кайтып келишин абдан, абдан суранып жатканын, падыша болорун айтат.

Жаш жигит заматта өзгөрүп, нуру качкан көздөрү оттой жанып, өзүн ким экенин эстеп сыймыктанып, дароо эле кайыр сурап отурган идишин ыргытат.

“Бир жерге алып барып мени жуундуруп, жаңы кийим сатып бер”,-деп кеңешчиден өтүнөт.

Ошондон кийин ишенимдүү түрдө арабаны көздөй басат. Карап турган эл чурулдап, таң калып ханзаданы кууп жетишип:

-Эмне болдуң, эмнеге кайыр сурап жаткан идишиңди ыргытып жибердиң?,- деп сурашат.

-Менин кедей болгонумду мындан ары эсиңерден чыгаргыла. Эми ал өткөн чакта калды, анткени мен ким экенимди эстедим,-деп жооп берет ханзада.

Көпчүлүк адамдар дал ушул ханзада сыяктуу жашоодо эч бир нерсеге татыксыз, жолу жок бир бечарамын деген ойду ойлоп алышып, ошого көп жылдар бою көнүп калышат. Алар өздөрүндө укмуштуудай чоң потенциал жатканын билишпейт. Ар бир адам өзүнчө катылган казына, ошондуктан өзүңүздү ачуунун үстүндө, өнүгүүнүн үстүндө иштеңиз. Ар бир адам жашоодо эң жакшысына жана бактылуу болууга татыктуу!

Ссылка: https://barometr.kg/zbzdn-baabyzdy-kantip-ktrsk-bolot



Добавить комментарий