Сиз менен мамилесин үзгүсү келген адамды эмне кылыш керек? 3 кеңеш

15 ноябрь 2021 15:54 5099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк адамдар психологдорго ажырышуудан кийин кайрылышып, мурдагы жолдошун же жубайын, жигитин же кызын унута албай жатканын айтышып, аны кайтаруу үчүн кеңеш сурашат.

Албетте жарашып калса жакшы деңизчи, бирок кээде мамилени бир тарап такыр үзгүсү келген учурлар келип чыгат. Мындай жашоо эч кимге жакшы нерсе алып келбеси анык. Бүгүн  barometr.kg мамилени үзгүсү келип жаткан адам менен кандай аракет кылыш керектиги тууралуу психологдун 3 кеңешин сунуштайт.

1. Сиз ага керек эмессиз!

Биринчи эле аңдап түшүнө турган нерсе конкреттүү адамга сиздин азыр, ушул убакыт, мезгил аралыгында керегиңиз жок экенин билүү. Сөз аял же эркек тууралуу болуп жатабы баары бир.

Жагдайды талдап чыгып жана өзүңүздүн ролуңузду түшүнүүңүз керек болот. Кош көңүл, кайдыгер караган адамга күчүңүздү, энергияңызды жана убактыңызды коротуунун кажети барбы?

Бул жерде өзүңүздү сыйлоону үйрөнүү керек болот. Эгер өзүңүздү сыйлабасаңыз дайыма эле сизди четке түртө берген шерикке кабыла бересиз. Жеңил эле колго түшүп, багынып берген кишинин эч кимге деле зарылы да, кызыкчылыгы да жок. Азыркы убакытта артык баш экениңизди жөн гана түшүнүңүз.

2. Көмөксүздүк 

Адамдар көбүнчө чындыкты кароодон тартынышат. Эң негизгиси сизден кеткиси келип жаткан адамды канчага чейин күчтөп кармап тура аласыз? Муну ойлонгонуңуз дурус. Жашоодо баарын өзгөртө аласыз, бирок башка адамдын сезимин эч качан өзгөртө албайсыз. Тактап айтканда, бир мүнөттө эле анын сезими өзгөрүп калбайт. Бул үчүн көп убакыт, көп иштөө, балким манипуляциялык ыкмалар керек болот. Бирок азыркы учурда эч нерсени өзгөртө албашыңызды аңдап билиңиз.

Ошондуктан аны кайра ынандырам деп убара болбой убакыттын өтүшүн күтүп туруңуз.

3. Оюңузду башкага буруңуз

Көңүлдү башка нерсеге оодаруу ажырашуудан кийин текке кете турган убакытты пайдалуу өткөрүүнүн бир ыкмасы.

Мисалы, кызыккан нерсеңиз хоббиңиз, кесибиңиз менен алектенсиңиз.Өзүңүз үчүн пайдалуу бир иш жасаңыз.Бул учур өзүңүздү сыйлоону үйрөнө турган убакыт экенин эстеп алыңыз.

Биз өзүбүздө максат, жумуш, кызыкчылык жок болгон кезде башкаларга жабышабыз.Ар бир иш сизди сүйүктүү объектиңизден алаксытып кетет.Эң негизгиси жабыр тартпай ажырашуудан кийинки оор убакыттан чыгып кетсеңиз анан акыл калчап иш кыла баштайсыз.

Ссылка: https://barometr.kg/siz-menen-mamilesin-zgs-kelgen-adamdy-emne-kylysh-kerek-3-keesh



Добавить комментарий