Ысык-Көлдө эки альпинист жоголду
Ысык-Көл областында эки альпинист жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, эки альпинист аймактагы тоолордун биринин чокусуна чыгышкан.
Ирандан келген эки альпинист эки күн мурда жоголгону тууралуу маалымат ӨКМга 8-августта саат 16:30та келип түшкөн, Кыргызстандагы Ирандын элчилигинен бул тууралуу кабарлашкан.
Алар аскадан учуп кетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Учурда издөө иштери уланууда.
Жоголгон альпинисттердин бири Мехри Джафари түпкү теги ирандык Британиянын жараны болуп саналат. Өзүнүн социалдык баракчасына Мехри Бишкекке учуп келгенин, андан соң Жеңиш чокусуна чыгуучу базалык лагерге барганын жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-eki-alpinist-zhogoldu
Добавить комментарий ×