Бутунан оор жаракат алып калган россиялык альпинист тик учак менен куткарылды

8 ноябрь 2023 17:18 1897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунан бутунан оор жаракат алып калган  россиялык альпинист тик учак менен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маплыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, альпинист 4300 метр бийиктиктен куткарылды. 

“ Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти КР ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат беришкен. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г.  Россия Федерациясынын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 м бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Тик учак менен кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган орусиялык туристти эвакуациялашты.

Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/butunan-oor-zharakat-alyp-kalgan-rossiyalyk-alpinist-tik-uchak-menen-kutkaryldy



Добавить комментарий