Аксуу чокусуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, орусиялык альпинист изделүүдө

21 февраль 2024 13:10 2104 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткендин Аксуу чокусуна чыгып кетип дайынсыз болуп, орусиялык альпинист изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 21-февраль таң эрте орусиялык Г.Е. аттуу альпингистти издөө башталды.

“Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында алдын ала маалымат боюнча Лейлек капчыгайындагы  Аксуу чокусунан  акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.

Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адады издөөгө орусиялык 3 альпинист кошулду.

Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/aksuu-chokusuna-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-orusiyalyk-alpinist-izdeld



Добавить комментарий