Индонезияда вулкан атылып, 11 турист каза болуп, бир нечеси дайынсыз болууда

4 декабрь 2023 14:03 1559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индонезиялык куткаруучулар Батыш Суматрадагы Мерапи вулкандын атылышынан кийин 11 альпинисттин сөөгүн табышты. Кырдаалды The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” кененирээк айтып берет.

Куткаруу кызматынын өкүлү үч адам тирүү табылганын жана кеминде 12 альпинист дагы эле дайынсыз экенин билдирди. Дагы бир жергиликтүү бийлик өкүлү 22 адам дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өткөн ишембиде 75ке жакын альпинист тоого чыгып кеткен. Аларды издөөгө 160тан ашуун адам, анын ичинде полиция жана аскер кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Кооптуу аймактан 49 альпинист эвакуацияланып, алардын айрымдары күйүк алып, дарыланууда.

«26 адам эвакуацияланган жок, биз алардын 14үн таптык, үчөө тирүү жана он биринин сөөгү», — деди аймактык издөө-куткаруу кызматынын башчысы Абдул Малик жергиликтүү басылмаларга. 

3-декабрда вулкан атыла баштаганы маалым болгон. Альпинизмдин эки жолу жабылып, Мерапинин боорлорунда жашаган тургундарга “лава агымынын ыктымалдуу болушуна байланыштуу” кратерден 3 чакырым алыс туруу сунушталган.

Абанын булганышынан улам, бийлик тургундарды беткап таратып, көз айнек тагынып жүрүүгө чакырды. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, коопсуздук максатында дайынсыз жоголгондорду издөө иштери убактылуу токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-vulkan-atylyp-11-turist-kaza-bolup-bir-nechesi-dajynsyz-boluuda



Добавить комментарий