Ысык-Атадагы жолду суу каптап, жүргүнчү ташыган унаалар өтө албай калды
Бөлүшүү:
Ысык-Атада жолду суу каптап унаалар өтө албай калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 9-августта саат 20:00 чамасында Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл аймагында Туюк жайлоосунда жаап өткөн жаандын кесепетинен унаа жолду суу каптап, 3 кичи автобус жана 2 жеңил унаа жүргүнчүлөрү менен өтө албай калышкан.
ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймактан 1 грейдер тартылып, жол ачылды.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-unaa-zholdu-suu-kaptap-unaalar-t-albaj-kaldy
Добавить комментарий ×