Ысык-Атадагы жолду суу каптап, жүргүнчү ташыган унаалар өтө албай калды

10 августа 2020 10:06 1996 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Атада жолду суу каптап унаалар өтө албай калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 9-августта саат 20:00 чамасында Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл аймагында Туюк жайлоосунда жаап өткөн жаандын кесепетинен унаа жолду суу каптап, 3 кичи автобус жана 2 жеңил унаа жүргүнчүлөрү менен өтө албай калышкан. 

 ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймактан 1 грейдер тартылып, жол ачылды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-unaa-zholdu-suu-kaptap-unaalar-t-albaj-kaldy



Добавить комментарий