Ошто курулушу бүтө элек үйдүн лифти менен жер төлөөгө түшүп кеткен жаран куткарылды

26 октябрь 2023 13:34 557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто курулушу бүтө элек үйдүн лифти менен жер төлөөгө түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде  курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен ылдыйга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

“Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жерине жеткенде 1994-ж.т. А.Г. аттуу жумушчу иш кылып жатып, 1-кабаттан имараттын жертөлөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Куткаруучулар жабыркаган адамды "тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kurulushu-bt-elek-jdn-lifti-menen-zher-tlg-tshp-ketip-kalyp-kalgan-zharan-kutkaryldy



Добавить комментарий