Япония жумушчулардын ордуна робортторду иштетүүгө киришип жатат

16 сентябрь 2021 11:17 1702 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Интеллектуалдык роботтор Япониянынын экономикасын жандандырат. Бул тууралуу “SoftBank Group” компаниясынын башкы директору Масаёси Сон онлайн-конференцияда билдиргенин Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Vision Fund SoftBank фонду 18 компания менен  робот машиналарды иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда, алардын жасалма интеллекттерин жакшыртууда.

Масаёши Сон жакын арада роботтор өнөр жай жана өндүрүш тармагында гана эмес, баардык жумушчулардын ордун алмаштыра турганын айтты.

SoftBank компаниясынын башчысы видео ролик менен чуркаган жана секирген адамга окшош роботторду жана контейнер формасындагы машиналарды көрсөттү.

“Мындай машиналар жумушчу күчүнө революция жасайт, ал адамдан 10 эсе көп жумуш иштеп берет. Японияда 1 миллиард адам кылган жумушту 100 миллион робот гана аткарып жетише алат”,-деп айтты башчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiya-zhumushchulardyn-orduna-roborttordu-ishtetg-kiriship-zhatat



Добавить комментарий