Японияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам 3 миллиондон ашык адам эвакуацияланды

13 августа 2021 13:18 1149 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын бийлиги нөшөрлөгөн жамгырлардан улам үч миллиондон ашык адамды эвакуация кылуу чечти. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги тургундарды сел ташкыны менен көчкүлөрдөн сак болууга эскертүүдө.

NHK телеканалы берген маалыматка таянсак, сел жүрүп кетүү коркунучу Фукуока, Нагасаки, Сага, Оита, Кумамото, Кагосима, Тояма, Исикава жана Ниигата префектуралардын сакталууда.

“Коркунучтун деңгээли жогору, жамгыр ондогон жылдардан бери боло элек ири зыян алып келиши күтүлүп жатат”,-деп айтылат өлкө бийлиги тараткан маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-nshrlgn-zhamgyrdan-ulam-3-milliondon-ashyk-adam-evakuaciyalandy



Добавить комментарий