Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы Япониянын императору жана императрицасы менен жолугушту

17 ноябрь 2023 12:20 2516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Япониянын Императору Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Император жана Императрица Кыргызстандын Президенти жана Биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришкен.

“Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Андан кийин Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына Император Нарухито менен Императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-yaponiyanyn-imperatoru-naruhito-zhana-imperatrica-masako-menen-zholugushtu



Добавить комментарий