Видео. Равшан Жээнбеков: Сот ачык өтсүн, жабык өткөн сотту мен тааныбайм
Камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбеков өзүнө тагылып жаткан бардык айыптоолорду четке кагып, аны саясий заказ деп сыпаттады. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек шаардык сотунда анын башк оргоо чарасы каралып жатканда сот залынан айтты. Экс-депутат сот ачык болушун талап кылды.
“Сот канчалык ачык болсо, менин күнөөлөрүм ачык болот. Эгер мен күнөөлүү эмес болсо, анда менин таза экенимди эл, коомчулук билет. Мен азыркы мага тагылып жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнума албайм. Баары бийликтин заказы менен болуп, күч органдары бийликке кызмат кылып, азыркы күндө саясий заказды аткарып жатканын айткым келет”, - деди равшан Жээнбеков.
Эске сала кетели, бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештен экс-депутаты Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап, аны өзгөрткөн жок. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал 2020-жылдын 9-февралына чейин абакта болот.
Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасы карап, 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ravshan-zheenbekov-sot-achyk-tsn-zhabyk-tkn-sottu-men-taanybajm
Добавить комментарий ×