Ксения Барабаш үй камагына чыгарылды

5 май 2021 13:22 2717 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги түрк компаниясынын өкүлү Ксения Барабаш үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлашты.

Маалым болгондой, Ксения Барабаштын бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту 30-апрелде караган. Ленин райондук сотунун чечими менен ал 22-майга чейин үй каманына чыгарылган.

Эске сала кетсек, Түркиянын GATA HAVAYOLLARIVE TAŞIMACILIK A.Ş компаниясынын Бишкектеги өкүлү Ксения Барабаш 20-апрелде кармалган. 22-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен ал убактылуу кармоочу жайга бир айга киргизилген.

Буга чейин, Ксения Барабаштын апасы Валентина Барабаш президент Садыр Жапаровго кызын үй камагына чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. 

Ссылка: https://barometr.kg/kseniya-barabash-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий