Ксения Барабаштын апасы Садыр Жапаровдон кызын үй камагына чыгарып берүүнү өтүндү

27 апрель 2021 16:12 9337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги түрк компаниясынын өкүлү Ксения Барабаштын апасы Валентина Барабаш президент Садыр Жапаровго кызын үй камагына чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу “Барометрге” анын жакындары билдирди.

Валентина Барабаштын айтымында, кызы адилетсиз бийликтин курмандыгы болуп, абакта мыйзамсыз кармалып турат.

«Ленин райондук соту Ксения Барабаштын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Мындай чечим Ксениянын адвокаттарынын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн эске албастан кабыл алынды. Анткени, анын эки кичинекей баласы жана ден соолугу начар апсы бар экени эске алынган жок.

Урматтуу президент!

Сиз өзүңүз башыңыздан өткөрбөдүңүз беле, адилетсиз бийликтин бейкүнөө айыптоосун.

Ыйык Рамазан айында сизден жардам сурап кайрылып жатам. Өлкөдө болуп жаткан адилетсиздикке сиз гана чекит койо аласыз. Ошондуктан, сизге кайрылууну туура көрдүм.

Мен Кыргызстандын жаранымын. Жолдошум өмүр боюу учкуч болуп иштеген. Атасынын көзү өткөндөн кийин Ксениянын аэропортто иштөөгө болгон каалоосу күч болду.

Сизден суранам, менин кызыма болгон мыйзамсыз басымдарды тезинен токтотуп, үй камагына чыгарып бериңиз”, - деп айтылат Барабаштын апасынын президент Садыр Жапаровго болгон кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, Түркиянын GATA HAVAYOLLARIVE TAŞIMACILIK A.Ş компаниясынын Бишкектеги өкүлү Ксения Барабаш 20-апрелде кармалган. 22-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен ал убактылуу кармоочу жайга бир айга киргизилген.

Компаниянын маалыматы боюнча, Ксения Барабаш кыргыз чиновниктерине, ошондой эле компанияга каршы жалган көрсөтмө алуу максатында кармалып отурат.

Ал эми, Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсү Ксения Барабаштын камакка алынышына нааразы.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, Ксения Барабаштын кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kseniya-barabashtyn-apasy-sadyr-zhaparovgo-kyzyn-j-kamagyna-chygaryp-ber-tnch-menen-kajryldy



Добавить комментарий