Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

26 декабря 2019 12:14 9266 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештен экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап, аны өзгөрткөн жок. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал 2020-жылдын 9-февралына чейин абакта болот.

Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасы карап, 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sotu-ravshan-zheenbekovdun-bash-korgoo-charasyn-zgrtsz-kaltyrdy



Добавить комментарий