"Үйлөнөм деп сөз берген". Индиялык аял ханзаада Гаррини сотко берди

14 апрель 2021 17:09 4369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Пенжаби шаарынын тургуну Палвиндер Сингх Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылып, Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри ага үйлөнөм деп сөз берип, бирок, убадасына турбагандыгы үчүн жооп берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу India Today сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал доо арызы менен бирге, ханзаада Гарри менен электрондук почта аркылуу баарлашкан билдирүүлөрүн сотко көрсөткөн. Анын айтымында, ал Гарри менен узак убакыт боюу сүйүү жаатында кат алышып турушкан.  Билдирүүлөрдө ханзаада Гарри ага тез арада үйлөнүү тоюн жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоону убада кылган. Ошол эле учурда, аял эч качан Улуу Британияга саякаттап көрбөгөнүн жана ханзаада менен эч качан жолукпагандыгын белгиледи.

Иштин материалдарын карап чыгып, Пенджаб жана Харьяна Жогорку Соту аппеляциялык арызды "кыялкечтердин фантазиясы" деп атап, четке какты.

“Сот бул өтүнүчтү кароого эч кандай себеп жок экенин айтып, арыз ээсине фейк аккаунтка ишенип жалган ханзааданы реалдуу деп эсептеп алган деген тыянакка келген", - деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо, ханзаада Гарри менен Меган Маркл экинчи баласынын жарык дүйнөгө келишин күтүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/jlnm-dep-sz-bergen-indiyalyk-ayal-hanzaada-garrini-sotko-berdi



Добавить комментарий