Видео. Көк-Ташта камакка алынган Бердиевдин 11 жаштагы уулу Жээнбековдон атасын бошотууну суранды

22 январь 2020 15:30 8658 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Баткендин Көк-Таш айылында милиция камакка алган Зайнидин Бердиевдин 11 жаштагы уулу Элмурат президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Видеодо ал көзүнө жаш алып, президенттен атасын бошотууну суранат.

Урматтуу Сооронбай Жээнбеков атамды бошотууңузду суранам сизден", - деп кайрылат 11 жаштагы Элмурат.

Ал ошондой эле, атасы уруш чыгарбаганын айтып, атасы жок болгондуктан үйдө көмүрү жок калып, суук болуп жатканын билдирген.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди ээн баштык, чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция камакка алган. 13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

13чү жана 15-январда аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкекте ак үй алдында ири нааразычылык акциялары өткөн.

17-январда сот Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыгарган. Ал эми Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев 1 айга камакта калган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kk-tashta-kamakka-alyngan-zajnidin-berdievdin-11-zhashtagy-uulu-sooronbaj-zheenbekovgo-kajrylyp-atasyn-boshotuunu-surandy



Добавить комментарий