“Жигитим менен сүйлөшпө” деп жашы жете элек кызды сабаганга шектүүлөр кармалды

7 февраль 2024 14:28 1065 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто жашы жетелек кыздын денесине жарат келтиришип, телефонун тартып алууга шектүү кыздар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, окуя, 15-январда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2007-жылы туулган жашы жете элек кызды сырттан тааныш болгон 1 жаш кичүү кыздар үйүнөн чакырып чыгышып, далдоо жерге алып барып сабашкан. 

“Окуя жабырлануучу менен 2008-жылы туулган Т.Д. аттуу кыздын ортосундагы пикир келишпестиктен болгон. Анда Т.Д. жабырлануучуну “эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң, экинчи мамиле кылбагын!” деп ура баштаган да анын шериктери дагы кошулуп сабашкан. Андан соң анын iPhone 8 үлгүсүндөгү телефонун алып, качып кетишкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын 19-январда берген корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил дене жаратын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган окуя боюнча шектүүлөр тарабынан тартылган видео тасма дагы далил катары алынып, кылмыш ишине тиркелген.

Мындан улам 6-февралда негизги шектүү жана бул кылмыштын демилгечиси катары Д.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 2008-жылы Орусияда туулган жана Орусиянын жараны. Учурда Оштогу педагогикалык багытта билим берүүчү окуу жайынын 1-курсунун студенти жана убактылуу Ош шаарынын тургуну.

Мындан тышкары негизги шектүү катары кармалган Т.Днын 2 шериги кармалган. Алар:

Шериги У.Ү. 2008-жылы Өзгөн районунда туулган, өзүнүн айтуусуна караганда мурда соттолгон. Убактылуу Ош шаарында жашайт.

Экинчи шериги А.Г. 2008-жылы Кара-Суу районунда туулган. Учурда Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде 1-курсунун студенти, убактылуу Ош шаарында жашайт.

Учурда кармалган кылмыштагы шериктердин бул кылмыштагы ордун аныктоо, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhigitim-menen-sjlshp-dep-zhashy-zhete-elek-kyzdy-sabaganga-shekt-karmaldy



Добавить комментарий