41 жаштагы Наргиза Шатманалиева бир айдан бери дайынсыз болуп изделүүдө

1 февраль 2024 11:23 442 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө бир айга жакын убактан бери дайынсыз болуп жаткан Наргиза Шатманалиева изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сокулук милициясына дайынсыз болуп жаткан Наргиза Шатманалиеванын жакындары кайрылышкан. 

Анда, 2024-жылдын 3-январында ал шаардагы жаңы конуштардын биринде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экени айтылат.

1982-жылдын 20-майында туулган Наргиза Шатманалиеваны издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен милиция коомчулукка кайрылды.

Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Өзгөчөлүгү: бою 155 см, чачы күрөң, көзү күрөң, орто дене түзүлүштө.

Урматтуу жарандар! Эгерде сизде жаран Наргиза Шатманалиеванын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 607567 (нөөмөт бөлүмү) 0558 86-14-86, 0708 86-14-86 (издөө тобу)



Ссылка: https://barometr.kg/41-zhashtagy-nargiza-shatmanalieva-bir-ajdan-beri-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий