Чек арадагы атышуу: сот кармалгандардын экөөнү коё берип, экөө камакта калтырылды

21 января 2020 15:17 1310 Barometr
Поделиться в:
ok

Кадамжай райондук соту Көк-Таш айылында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча кармалган төрт жарандын экөөнү үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан кабарлашты.

Ага ылайык, үй камагына чыккан бир жаран майып болсо, экинчиси үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу, беш баланын атасы. Ал эми эки жаран убактылуу кармоо жайында калтырылды.

Аталган төрт жаран Кылмыш жаза кодексинин  "Бейбашчылык" жана "массалык баш аламандык уюштуруу" беренеси боюнча кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча алар Тажикстандын жарандарынын машинасына таш ыргыткан.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 10-январдан 11-январга караган түнү чыр чыккан. Түнкү саат 2:40тар чамасында "Көк-Таш" тозоту жайгашкан чек ара аймагында Тажикстан тараптан ок атуу болуп, кыргыз тарап аялдар менен балдарды коопсуз жайга алып чыккан. Өз кезегинде тажик ЖМКлары ок атуу биринчи Кыргызстан тараптан болгонун жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-atyshuu-sot-karmalgandardyn-ekn-koyo-berip-ek-kamakta-kaltyryldy



Добавить комментарий