Өзбекстанда балдардын массалык уулануусу: үч дарыгер камакка алынды

28 ноябрь 2023 15:14 2668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда балдардын йодго массалык уулануу фактысынын алкагында үч дарыгер камакка алынды. Бул тууралуу gazeta.uz сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы 7-ноябрда билдиргендей, директордун медицина иштери боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы эндокринологу Феруза Хайдарова жана аталган борбордун лаборатория башчысы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин улук илимий кызматкери, башкы балдар эндокринологу Насиба Алимова кармалды.

16-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана жабдууларды жөнгө салуу жана кайрымдуулук жардамын координациялоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Хилола Ганиева камакка алынды.

Алар уурулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана санитардык мыйзамдарды бузуу боюнча айыпталууда.

Үч дарыгерге тең Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголду: “Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурдоо же коротуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзгөчө ири зыян келтирүү” жана “Санитардык мыйзамдарды бузуу” .

Камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын Башкы прокурордун орун басары суранганын Жогорку Сот билдирди.

Ал арада Өзбекстандын Дарыгерлер ассоциациясы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге дарыгерлердин жазасын жеңилдетүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

«Мамлекет тарабынан йод даярдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттар жогоруда аты аталган  окумуштуу аялдарга тапшырылган эмес», - деп айтылат дарыгерлер ассоциациясынын билдирүүсүндө.

Буга чейин, Ташкентте ондогон балдар ууланып, дене табы көтөрүлүп, ашказандары ооруп, тез жардам борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ата-энелер балдары йод ичкенден кийин ооруп калганын айтышкан, бирок дарыгерлер йодго эч кандай байланышы жок экенин айтышты.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Наманган облусунун Чуст районундагы 9 бала бакчанын жана эки мектептин тарбиялануучулары 70тен ашык бала ууланып ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Өзбекстандын расмий мамлекеттик органдары балдар эмнеге ууланганын так айтышкан эмес. Бул йод препараты болушу мүмкүн деп социалдык тармактарга жазып жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-baldardyn-massalyk-uulanuusu-ch-daryger-kamakka-alyndy



Добавить комментарий