Унаа сүзүп кеткен 13 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
Унаа сүзүп кеткен 13 жаштагы баланын өлүмү тууралуу факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.
23-августта болжол менен саат 11 чамасында 31 жаштагы Н.Ы. Чүй проспектисинде өзүнүн «Мерседес Бенц» унаасы менен батыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен.
Жол кырсыгынан жабыр тарткан 13 жаштагы А.Ы ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза тапкан.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 297-беренесине ылайык кылмыш иши козголду, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/unaa-szp-ketken-13-zhashtagy-balanyn-lm-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×