Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

29 январь 2024 14:52 411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров  дүйнөдөн кайтты.

Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жж. ушул басманын директору, 1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.

Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Барометрдин” жалпы жамааты акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Ссылка: https://barometr.kg/el-zhazuuchusu-melis-abakirov-djn-saldy



Добавить комментарий