Мурас-Ордодо музда ойноп жатып, 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болуп калды

2 март 2024 16:52 1174 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурас-Ордо конушунда музда ойноп жатып, 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып,  сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

“3 жаш бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Тилекке каршы калган 2 жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/muras-ordodo-muzda-ojnop-zhatyp-5-bala-suuga-tshp-ketip-ek-kaza-bolup-kaldy



Добавить комментарий