Суусамырда бүгүн болгон жол кырсыгынан 9 адам каза тапты
Поделиться в:
Суусамыр өрөөнүндө болгон жол кырсыгынан 9 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган кабарга таянсак, жол кырсыгы бүгүн, 23-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында болгон. Honda Stepwgn жана Volvo унаалары кагылышкан.
Кырсык болгон жерде алты аял, эки эркек жана бир бала каза тапты. Бир жаран жаракат алып бейтапканага жаткырылды.
Кырсыктын себептери такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrda-bgn-bolgon-zhol-kyrsygynan-9-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×