Унаа 30 метр бийиктиктен кулаган. Ош областында болгон кырсыкта жубайлар каза тапты
Бөлүшүү:
Ош областынын Алай районунда болгон жол кырсыгынан аялы менен жолдошу каза тапты. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 93-чакырымында «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып Гүлчө дайрасын түшүп кеткен. 1970-жылы туулган А.К., жана 1971-жылы туулган анын аялы Т.О., каза тапты. Куткаруучулар алардын сөөгүн унаадан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Унаа 30 метр бийиктиктен, жардан кулаган.
Добавить комментарий ×