Бишкекте эски унаадан чыккан өрттүн кесепетинен жанында турган "BMW X7" толугу менен күйүп кетти

1 март 2024 13:16 2035 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эски унаадан чыккан өрт жанындагы “BMW X7” унаасына өтүп толугу менен күйүп калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил 2  унаадан өрт чыккан. 

“Өрттү өчүрүүгө саат 11:19да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:48де өчүрүлдү.

Маалыматка ылайык,  унаа токтотуучу  жайда турган "Mazda" унаасынан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган "BMW X7" үлгүсүндөгү унаага өткөн.

Өрт кырсыгынан  жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mazda-unaasynan-chykkan-rttn-kesepetinen-zhanynda-turgan-bmw-x7-tolugu-menen-kjp-ketti



Добавить комментарий