Унаа 30 метр бийиктиктен кулаган. Ош областында болгон кырсыкта жубайлар каза тапты

30 июля 2021 17:10 1478 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Алай районунда болгон жол кырсыгынан аялы менен жолдошу каза тапты. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 93-чакырымында «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып Гүлчө дайрасын түшүп кеткен. 1970-жылы туулган А.К., жана 1971-жылы туулган анын аялы Т.О., каза тапты. Куткаруучулар алардын сөөгүн унаадан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп  беришти.

Унаа 30 метр бийиктиктен, жардан кулаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/unaa-30-metr-bijiktikten-kulagan-osh-oblastynda-bolgon-kyrsykta-zhubajlar-kaza-tapty



Добавить комментарий