Адылбек Касымалиев Улуттук статистика комитетине 50 автоунаа тапшырды

1 октябрь 2025 13:07 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан өндүрүлгөн CHEVROLET COBALT үлгүсүндөгү 50 жаңы автоунааны Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына тапшырды. 

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө, өткөн жылы ишке кирген «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган ата мекендик автоунааларды тапшыруу экономиканын жалпы өнүгүүсүнүн жана өсүшүнүн далили экенин баса белгиледи. 

Министрлер кабинетинин башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир катар мисалдарын келтирип, 2025-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсы 1 трлн сомдон ашып, 1 трлн 42,1 млрд сомду түзгөнүн, ошол эле учурда ИДПнын реалдуу өсүшү 11,0 % деңгээлинде катталганын билдирди. 

Жаңы автоунаалар райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, ушул айга пландаштырылган айыл чарба эл каттоосун жүргүзүүгө олуттуу жардам берет. 

Берилген транспорт каражаты улуттук статистика кызматынын алдында турган милдеттерди аткаруунун ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатат деп күтүлүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/adylbek-kasymaliev-uluttuk-statistika-komitetine-50-avtounaa-tapshyrdy



Добавить комментарий