УКМК: Мамэкотехинспекциянын экс-директору Жолдошбек Жунушев кармалды

20 октябрь 2020 17:10 700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурунку башчысы Жолдошбек Жунушевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, экс-директор Жунушевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, коррупция чынжырчасынын бардык катышуучулары 6 адамдан тургандыгы аныкталды, анын ичинде бөлүм башчы жана сектор башчысы бар. Алар кылмыш жасагандыгы тууралуу күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында экс-директор Ж.Жунушев бул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө системалуу негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталган.

Бүгүн, 20-октябрында Ж.Жунушев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-mamekotehinspekciyanyn-eks-direktoru-zholdoshbek-zhunushev-karmaldy



Добавить комментарий