Коомдук унаада жүргүнчүлөрду учтуу курал менен коркуткан чөнтөкчүлөр кармалды

9 август 2023 15:56 1495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде чөнтөк уурулар  жүргүнчүлөрдү коркутуп жатат делген видео тараган. 

Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот.

“Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р.   болуп чыкты.

Учурда иликтөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-unaada-zhrgnchlrdu-uchtuu-kural-menen-korkutkan-chntkchlr-karmaldy



Добавить комментарий