Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору кармалды

1 декабрь 2023 16:37 1827 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалым болгондой, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. 

 Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, театрдын балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө көрсөтүлгөн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган, алар ачыктан-ачык мамлекетке тактап айтканда театрдын балансында турган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аталган маданий борбордун директору И.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Театрдын башкы директору болуп Истамбаев Алмаз Маматжанович иштеп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-uluttuk-akademiyalyk-opera-zhana-balet-teatrynyn-bashky-direktoru-karmaldy



Добавить комментарий