УКМК: Мамэкотехинспекциянын экс-директору Жолдошбек Жунушев кармалды
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурунку башчысы Жолдошбек Жунушевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, экс-директор Жунушевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, коррупция чынжырчасынын бардык катышуучулары 6 адамдан тургандыгы аныкталды, анын ичинде бөлүм башчы жана сектор башчысы бар. Алар кылмыш жасагандыгы тууралуу күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында экс-директор Ж.Жунушев бул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө системалуу негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталган.
Бүгүн, 20-октябрында Ж.Жунушев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-mamekotehinspekciyanyn-eks-direktoru-zholdoshbek-zhunushev-karmaldy
Добавить комментарий ×