Москвада Жеңиш парады кантип өтүүдө (Видео)

24 июнь 2020 13:56 2083 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Учурда  Москванын Кызыл аянтында Улуу жеништин 75 жылдыгына арналган аскер парады өтүүдө. 

Жыл сайын 9-майда салтанаттуу белгиленген «Өлбөс полктун» жүрүшү быйыл коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган.

Эске салсак, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп.

Парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер, 234 заманбап жана аскер техникалары тартылды.

Белгилей кетсек, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскерлери да катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/uchurda-moskvanyn-kyzyl-ayantynda-uluu-zhenishtin-75-zhyldygyna-arnalgan-asker-parady-td



Добавить комментарий